• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун аткаруучу директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун аткаруучу директору Рикардо Кальдерон менен эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушууда Рикардо Кальдерон Кыргызстанды, КР Айыл чарба министрлигин ушул жылдын сентябрь айында Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмуна (AFoCO) кириши менен куттуктады. Ал жалпы Туруктуу өнүктүрүү максаттарына, ошондой эле токой тармагындагы аймактык жана глобалдык максаттарга жетүү боюнча AFoCOнун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан тарабынан тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана чакырыктары менен күрөшүүгө багытталган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык – 2023-2027-жылдар” жалпы аталышындагы иш-чаралар комплексин өткөрүү демилгесин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан "Жашыл мурас" улуттук көчөт отургузуу кампаниясын өткөрүү боюнча демилгеси учурда ишке ашырылып жатканын билдирди.

Кыргызстандын жогоруда белгиленген жашыл демилгелерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Тараптар айлана-чөйрө, экология жана токой чарбасы жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен AFoCO тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн макулдашты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий