• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрага Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары менен жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин тармактык комитеттеринин төрагалары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш башкы өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу орган катары өз ыйгарым укуктарын так даана ишке ашырышы керектигин белгилеп: “Айрыкча парламенттин ишинин натыйжалуулугу тармактык комитеттерге көз каранды. Анткени алар мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин комитеттери өз ыйгарым укуктарынын алкагында мыйзам долбоорунун даярдалышына жана каралашына өзгөчө көңүл бурушу керек. Бардык маселелердин кароо жараяны жана ченеми талаптагыдай толук сакталышы кажет”, – деди.

Ошондой эле жолугушууда Жогорку Кеңештин жана тармактык комитеттердин мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн уюштуруу, анын ичинен мыйзам актыларын сапаттуу даярдоо жана кабыл алуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий