• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан келген адистерди Германияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстадын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Jancer Consult GmbH компаниясынын директору Сергей Серебрянский менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандан келген кесипкөй кадрларды Германияга ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Текебаев эки өлкөнүн ортосунда ишке уюшкандык тʏрдɵ орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну камсыздоо боюнча элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Компаниянын директору Серебрянский Jancer Consult GmbH компаниясынын квалификациялуу кадрларды, атап айтканда, медициналык кызматкерлерди Германияда ишке орноштуруу үчүн тартуу боюнча башка өлкөлөр менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ал белгилегендей, бул максатта компания жеринде медициналык колледждин студенттерине тийиштүү билим берүү жана окутуу иштерин жүргүзүүдө.

Серебранский Бишкектеги Jancer Education Academy академиясынын ишмердүүлүгү аркылуу Кыргызстандагы колледждердин бири менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында медайымдарды Кыргызстанда окутууга жана андан ары аларды Германияда ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий