• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылга жеке нотариустардын ишинин уюштуруусун текшерүү планы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык, 2021-жылга жеке нотариустардын ишинин уюштуруусун текшерүүгѳ алуу үчүн план бекитилди, - деп билдирет Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.

Аталган планга ылайык, 156 жеке нотаристун ишмердүүлүгү текшерилүүгө тийиштүү.

Жалпы жеке нотариустар нотариалдык иш-аракет жүргүзүүдө нотариат чөйрөсүн жөнгө салган мыйзам талаптарынын чегинде иш алып барууга милдеттүү жана нотариалдык иш аракеттер жасала турган жайы тийиштүү талаптарга жооп берүүгө тийиш.

Ошол себептүү, жеке нотариустар тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда алар тартиптик жазага тартылышат.

Пикир

Оставить комментарий