• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Кара-Кечедеги “Альфанын” кызматкерлери менен айдоочулардын чыры боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда чыккан чыр боюнча үн катты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрында Жумгал районунда орун алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар арасында чагымчыл адамдардын иш аракеттеринин натыйжасында келишпестиктер болуп, КР УКМК “Атайын кызматтын” кызматкерлери айдоочулар ортосунда болгон жаңжалды жөнгө салган.

"Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүү учурунда, айдоочулар “Атайын кызматтын” кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда абал туруктуу, Кара-Кечеде көмүр алуу иштери жүрүүдө, азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий