• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто таяк тартыш боюнча ачык чемпионат өттү. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Таяк тартыш боюнча Ош облусунун биринчи ачык чемпионаты өттү.

Спорттук иш-чара Ош мамлекеттик педагогикалык университети (ОшМУ) жана КРнын Таяк тартыш федерациясы тарабынан уюштурулуп, аталган окуу жайдын имаратында өткөрүлгөн.

ОшМУнун басма сөз кызматы билдиргендей, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова, Ош облусунун губернаторунун орун басары Данияр Имангазыев жана таяк тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков катышты.

Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага Бишкек шаары, Баткен облусу жана Ош облусунун райондорунан келген спортчулар жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Иш-чара спортту жайылтуу, облустар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу максатын көздөйт.

Мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган 8 команда ат салышты. Үчүнчү орунду Ош мамлекеттик университетинин, 2-орунду ОшМПнун колледжинин, 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы багындырды. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий