• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто өз үйүндө каза болгон адамдын өлүмүнө шектелип коңшусу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Ошто өз коңшусун өлтүргөн 1992-жылы туулган “С.Б”., аттуу бала кармалды,-деп билдирет Ош ШИИБнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 25нен 26-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:40 чамасында Ош шаарынын Ош кѳчѳсүнүн 100-үйү ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкѳн.

“Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден 1956-жылы туулган Октам Абдикадыров аттуу үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылган. Анын жубайы 1961-жылы туулган аял тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө кылмыш учурунда мас абалында болгондугун айткан.

“Сен 25-декабрда кечинде 2 литр пиво алып, үйүмѳ келгенмин. Аны ичип отуруп, коңшум Ѳктѳм акени тоноо оюма келди. Түнү короого тосмосунан ашып түшүп, үйүнѳ кирип бардым. Эшиги бекитилбеген экен. Үй ээси мени кѳрүп, мени менен кармашып кетти. Колума үйдѳгү отвертка тийди эле, аны менен кѳкүрѳк жакка бир уруп жибердим. Аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы үнү чыкпай калганча урдум. Ѳзүм коркуп кетип, качып чыктым”,-деп билдирген өз көрсөтмөсүндө.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий