• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри шаардык ишкерлер менен бизнес чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөрдү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнүнүн алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын ишкерлери жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы ишкерлерди майрамы менен куттуктап, муниципалитеттин ишинин артыкчылыктуу багыттары бизнес чөйрөсү менен өз ара аракетти күчөтүү менен ачык-айкын багыттарда кызматташуу экендигин билдирди.

Иш-чаранын алкагында ишкерлердин курч көйгөйлөрү боюнча пикир алмашышты, анын жүрүшүндө Алмаз Мамбетов колдоо сөздөрүн айтты, Ош шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнө ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Жолугушууда ишкерлер тарабынан салык төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди кароо, кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу, бизнес баштоодогу уруксат кагаздарды электрондук форматка өткөрүү, шарттарды түзүү жөнүндө сунуштар, суроолор айтылып, айрымдары жеринен жооп алышты. Айрым маселелер боюнча мэр жеке көзөмөлгө алып, чечүү жолдоруна убакыт талап кылынаарын билдирди.

Жолугушууга шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана Ош шаарындагы салык кызматынын башчысынын орун басары Жолборс Бакиров да катышып, алар дагы ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар ишкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 -жылдын 20-октябрындагы токтомунун негизинде жыл сайын 20-сентябрда ишкерлер күнү белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий