• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун вице-мэри аймактардан шаарга келген жарандарды коопсуздук эрежелерин карманууга чакырды

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 280 учурга жетти. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, 280 жарандын 188и айыгып, ооруканадан чыгарылган. Илдеттин кесепетинен 6 адам каза болду. Обсервацияда 441, изоляцияда 86 адам болууда.

"Мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат бериле баштагандан бери аймактардан шаарга келгендер көбөйдү. Кечээ коронавирус жуктурган 18 учур катталса, байланышта болгондордун саны 204-205 адамга жетти. Бүгүн 11 учур катталды, байланыштын саны 150-160 адамды түзүүдө. Аймактардан шаарга келген жаран жеке коопсуздугун байкап, жоопкерчилигин сезиши керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2472 учур катталды. Алардын ичинен 474 медицина кызматкери. Илдеттен 1847 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 28 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий