• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистандын бизнес өкүлдөрүнө кыргыз тарабы менен ишкердик мамилелерди түзүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Карачи шаарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын улук вице-президенти Сулеман Чавла жана анын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп, мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн кеңири потенциалын белгилешти. Текстиль, өнөр жай, фармацевтика, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы эки тараптуу ишти активдештирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Элчи У.Тотуяев Пакистан тарабына Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди. Региондук кызматташтыкты чыңдоо максатында эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды түзүү жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Пакистандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн кыргыз тарабы менен ишкердик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты.

Ушул эле күнү элчи У.Тотуяев калктын аярлуу катмарын колдоо жана ошондой эле ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген «Saylani Welfare International Trust» бейөкмөт уюмунун башкы кеңсесине барып, бул уюмдун төрагасы Башир Фарук Кадри менен жолугушту.

Жогоруда аталган жолугушуунун алкагында элчи У.Тотуяев мындай долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттеги социалдык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. Буга байланыштуу, ушул сыяктуу демилгелер башка өлкөлөрдө да ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий