• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: "Коррупция" беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. "Коррупция" беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жетекчилери өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Башында Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан 323-контурдагы жер тилкелер жеке жактарга ижарага берилет деп божомолдонгон. Бирок, азыркы учурда бул тилкелерде жеке турак үйлөр үчүн курулуш иштери жүрүп жатат.

Текшерүү учурунда 2016-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Ысык-Ата районунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызмат адамдары Ново-Покровка айылдык кеңешинин отурумунун жасалма протоколунун негизинде 293 жана 323-контурларда жайгашкан Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерине жеке адамдардын жерлерин которуу жөнүндө жалган чечим чыгарышкандыгы аныкталган.

Натыйжада, жеке жактардын алгачкы чек аралары Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерине атайылап жылдырылган. Ошол эле учурда Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун 20 гектар аянттагы жерлери да жеке адамдарда калып кеткен.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган факты боюнча учурда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин (азыркы жер ресурстары кызматы) мурдагы эки жетекчиси, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы жана башчысынын орун басары жана бул ишке тиешеси бар башка адамдар кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган К. Н. аттуу жарандын мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар экени да аныкталган.

Маалыматтарга караганда, ал эч жерде иштебейт, жер участокторун сатуу менен алектенген ортомчу. Алынган маалыматтар боюнча 1982-жылы туулган К. Н. жана анын туугандарынын атына 35 кыймылсыз мүлк объектиси, анын ичинде Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн аймагында жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жер участоктору катталган. Аталган жаран кармалып, камакка алынды.

Андан тышкары, “Коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жаранга тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, анын ичинде “Toyota Land Cruiser”, “Hyundai Tucson”, “Nissan”, “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалар камакка алынды. Ошондой эле башка кыймылсыз мүлк объекттери - Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Русалка” дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору, “Падышах” рестораны камакка алынды.

ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн (анын ичинде жергиликтүү кеңештин), “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана башка мамлекеттик мекемелердин айрым кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алышып, материалдык, ар кандай башка байлыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында мыйзамга каршы туруктуу байланыш түзүшкөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз жер которуу жолу менен 20 гектар жер чыгарылып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий