• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. 16-18-февраль аралыгында жааган калың кардан улам Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды.

"Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий