• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Палестинанын президенти, Оман султаны кыргыз элин жана Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Палестина Мамлекетинин президенти Махмуд Аббас Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Палестина Мамлекетинин жана элинин, жеке өзүмдүн атымдан Сизди, боордош элди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн Ийд Аль Фитр майрамы менен куттуктоо мага зор кубаныч тартуулайт. Биз бардык күчкө ээ Аллахтан Сизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, Сиздин элиңизге бакубаттык жана өсүп өнүгүү, биздин жалпы улуттарга туруктуулукка жетишүүнү, коопсуздукту жана аманчылыкты тилейм. Ошондой эле Жараткандан сиздин өлкөңүздү, мусулмандар жамаатын жана жалпы адамзатты коронавирус пандемиясынан сактоону суранабыз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Оман Султаны Хейсам бен Тарик Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жиберүү биз үчүн чоң кубаныч. Сизге бакыт-таалай жана эсенчилик, ал эми достук мамиледеги элиңизге мындан ары дагы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Мындай жагымдуу учурлардын келиши менен Жараткан Алла Тааладан мусулман жамаатына жакшылыктарды беришин тилейбиз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий