• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Садык Шер-Нияз Франция президентинин дипломатиялык кеңешчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Бертран Бушвальтер менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-француз эки тараптуу кызматташуусунун кеңири чөйрөсү талкуулады.

2024-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүүгө эки тараптын тең даярдыгы ырасталган.

Өзгөчө көңүл 2023-жылдын 10-ноябрындагы Кыргызстан менен Франциянын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашырууга бурулду. Ошондой эле Кыргызстандын элчиси өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөр жана реформалар тууралуу маалымат берди.

Садык Шер-Нияз келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү аркылуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-агартуу мамилелерин мындан ары активдештирүүгө, ошондой эле быйылкы жылы Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес-форумун уюштурууга көңүл бурду.

Тараптар, франциялык компаниялардын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, өзгөчө Кыргызстандын экономикасынын энергетика жана туризм тармагын өнүктүрүүгө катышуусуна оң баа берди.

Франциянын дүйнөнүн климатын жана экологиясын жакшыртуу аракеттерин эске алып, элчи француз тарапка жашыл экономика тармагындагы долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин кароону жыйынтыктоону сунуштады.

Тараптар терроризм жана аймактык коопсуздук боюнча да пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий