• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Германиянын ТИМ башчылары жолугуп, кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Берлинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германиянын федералдык тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолуккан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечеги кеңири талкууланган.

Айдарбеков жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий диалогду күчөтүү жана эки тарапка тең бирдей пайда алып келүүчү баардык чөйрөдөгү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Маас өз кезегинде Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташуунун өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп, Кыргызстандын демократия жолунда жасаган кадамдарын баалай тургандыгын билдирген. Анын айтуусунда, Германия Кыргызстан менен ар тараптуу тыгыз кызматташууга даяр.

Андан тышкары эки өлкөнүн ТИМ башчылары 2019-жылы өткөрүүгө мүмкүн болгон эки тараптуу жогорку деңгээлдеги визиттердин уюштуруу келечегин талкуулашкан.

Айдарбеков Маасты өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий