• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламентте бензинге биоэтанол кошуп, экологиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган мыйзам каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Жогорку Кенеште бензинге биоэтанол кошуу менен экологиялык, экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

"Биоотун жөнүндө" мыйзам долбоору тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта биоэкономика доорунда энергияны жана материалдарды кайра жаңылануучу чийки заттарды пайдаланган биотехнологияга негизделген экономикага кадам ташталууда. Биоэкономиканы өнүктүрүү менен абанын булганышын алдын алууга – парник эффектин жана башка уулуу заттарды чыгаруучу уулуу газдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биотун – термохимиялык же биологиялык ыкма менен биомассадан алына турган катуу, суюк же газ түрүндөгү отун. Бензинге 10% биоэтанолду кошуп пайдалануу менен уулуу заттардын газ болуп сыртка чыгышы 25%, оксид көмүртегин (СО) 30% чыгышын, газдарды сыртка чыгарууда катуу бөлүкчөлөрдүн курамын 50% төмөндөтөт. Аталган газдар айрыкча дем алуу системасында оорусу бар балдар менен кары адамдардын ден соолугу үчүн зыяндуу.

Аткаруу бийлигинин алдын ала планы боюнча, биоэталонду өндүрүүнү жылына 1,5 млн дал өндүрүш кубаттуулугу менен "Кара-Балта" спирт заводу мамлекеттик ишканасынын базасында ишке киргизүү сунушталат.

Биоэтанолду өнүдүрүү технологиясынын минималдуу чыгымдар менен, орточо эсеп менен алганда, 140 млн сом өздөштүрүүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумуш орундарын сактап калууга (210 киши), 800 млн сомго өндүрүштү жогорулатууга, 100 млн сомдон ашык сумма салык төлөмдөрүнө түшүүсүнө өбөлгө болот.

Бензинди республикага импорттоо 15 миӊ тоннага чейин кыскарат. Кыймылдаткычтардын иштетилген газдарды чыгаруусунда уулуу заттардын төмөндөшүнүн негизинде экологиялык абал жакшырат.

Мыйзам долбоору тармактык комитетте талкууланганда долбоордо биоотунду бир гана түрү биоэтанол деген түрү менен чектелип калгандыгы айтылып, долбоорго биоотундун биодизель, биогаз, биомазут деген башка түрлөрүнүн түшүнүктөрүн камтуу зарылдыгын максаттуу деп белгиленген.

Талкууда депутат Абдимуктар Маматов мыйзам долбоорун колдоого чакырып, өз пикирин бир катар жүйөлүү себептер менен чечмелеп берди. депутат Тариэль Жоробеков биоэталонду крахмалы бар өсүмдүктөрдөн, маселен, картошка, жүгөрү ж.б. чыгарууга болору тактап, айыл чарбасына да пайдалуу болоорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Депутат Айтмамат Назаров бүгүнкү күндө абанын булгануусуна бөгөт болуучу мындай чаралар зарыл экенин айтып, мыйзам долбоорун экинчи окууга чейин кеӊири коомдук талкуудан өткөрүүнү сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий