• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Элдар Сулайманов ЖК комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды.

Парламенттен билдиришкендей, бул орунга депутат Элдар Сулаймановдун талапкерлиги сунушталды.

Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Элдар Сулайманов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий