• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептсиз саткандар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Ош шаарында дарыкана жана азык-түлүк дүкөнүнүн кызматкери күчтүү дарыларды рецептсиз сатышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан дарыканалардын түйүндөрү аныкталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө БМЖККК кызматкерлери тарабынан контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, дарыканадан рецептсиз күчтүү дарыларды сатып алышкан.

Ошондой эле узак убакыт бою тыюу салынган күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусу боюнча ыкчам маалымат түшүп, андан дагы күчтүү дарыларды сатып алышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ыкчам кызматкерлер тарабынан баңги жана психотроптук заттардын компоненттери бар 73 даана дары-дармектер алынган.

Учурда дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий