• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 240 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жумада 16 миң 896 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

- жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3860;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 193;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 830;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1 миң 5;

- автоээнбаштык – 8;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 4 миң 752;

- айдоочунун маңдайкы терезеси жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 17;

- мас абалында унаа башкаруу – 240. Унаа токтотуучу жайга 800 автоунаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий