• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги тик учактын кыйрашы. Айрым кызмат адамдары убактылуу иштен бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бишкектин Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасындагы тик учактын кыйрашы боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулду.

Мындай чара тергөө иштерин объективдүү жүргүзүү максатында кабыл алынгандыгын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Эске сала кетсек, 17-январда КР ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий