• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин батыш тарабында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин батыш тарабында Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те "Фрунзе - 1" авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Учак 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, КР Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тик учагы конууга аргасыз болгон. Жабыркагандар бар.

"Коргоо министрлигинин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кызмат адамдары тарабынан бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк билдирилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий