• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Соцфонддун колл-борбору 14,3 миң кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. 2023-жылы Соцфонддун колл-борбору 14 миң 325 кайрылуу кабыл алды.

Фонддон билдиришкендей, кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, пенсиянын топтомо бөлүгүн кантип алууга болот, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Социалдык фонддун колл-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет.

Социалдык фонддун колл-борбору квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий