• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бүгүн, 6-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын аппаратына таныштыруу болуп өттү. Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Ошондой эле Жунусбаев Сонунбек Калмаматович 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Сонунбек Жунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт.

Дайындоо боюнча буйруктарга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри Юсупов Замир Байышович, ал эми вице-мэрлигин Топчубаев Асылбек Аманович жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий