• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аскер институтунун башчысы ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы аскер институтунун башчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине КРнын Башкы штабынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Аскер институтунун башчысы Артур Темировду кызматынан бошотуу тууралуу буйрук чыккан. Анын ордун Руслан Шаршембиев ээлеген.

Буга чейин окуу жайдын кампасынан тапанча жоголуп кетип, бирок кайра табылган. Бул окуядан кийин Темировду кызматынан бошотушкан, бирок башкы көзөмөлдөө органы бул маалымат боюнча тергөөнүн алкагында комментарий беришкен эмес.

Пикир

Оставить комментарий