• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дастанбек Жумабеков: Эл аралык деӊгээлде бирдиктүү жана күчтүү бирикме катары чыгууга мезгил жетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Эл аралык деӊгээлде бирдиктүү жана күчтүү бирикме катары чыгууга мезгил жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПАнын VII пленардык жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Ал көп сандуу жана тарыхый таржымалы бай түрк дүйнөсү парламенттер аралык бирикмеге таяныч болорун кошумчалады.

«Элдик бийликтин башкы булагы болуп саналган биздин парламенттер демократиялык салттар менен өз ара түшүнүшүү менен пикир алышуунун түркүгү боло алат. Биз кайсы бир мамлекеттик ичтен бузган күчтөрүнүн аргандай таасирлеринен тышкары болушубуз керек. Буюрса, мына ушул мезгил аралыгында парламенттер аралык мамилелерди чыӊдоо жаатында жасаган ишибиз өз жемишин бере баштайт», - деди Дастанбек Жумабеков.

Анын айтымында, ТүркПА курамындагы мыйзамдуулук жана демократиялык ынанымдарга таянган күчтүү парламенттер биздин өлкөлөрдүн бирдиктүү бакубат келечегине өбөлгө түзөт. «Мен биздин парламенттердин биргелешкен аракети натыйжалуу боло турганына тереӊ ишенем. ТүркПАнын келечеги кеӊ. Ал саясий, экономикалык же аймактык кызыкчылыктардан улам түзүлгөн уюм эмес. Биз ата-бабабыз артында калтырган таберигин сактоого жана жайылтууга милдеткербиз», - деп жыйынтыктады өз сөзүн кыргыз парламентинин спикери.

Пикир

Оставить комментарий