• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

А.Жапаров: “Мынча болгон соӊ, Камбар-Ата ГЭСинин экинчи эле эмес, үчүнчү агрегаттын да ишке киргизүү маселесин кошо чечишсе болмок”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Өкмөт Камбар-Ата ГЭСи-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү максатында, өтө кыска мөөнөткө насыя алып жатыптыр. Деиек, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Кыргызстандын кызыкчылыгынан эмес, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кызыкчылыгынан чыгууда. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү» долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу талкууланып жатканда билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегатын киргизүүгө республикалык бюджеттен 10 млрд сом көлөмүндө каражат бөлүнүп, ал долбоордун алкагында плотинасы да кошо курулган. Ал эми Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду – мурдагы Антикризистик өнүктүрүү фонду, ал буга чейин насыяларды 32 жылга берип келген. 20 жыл тез эле келип калат, муну неге ойлогон жоксуӊар? Азыр биз айрым насыяларды 40 жылдык мөөнөткө алып жатабыз. Бул насыянын электр энергиясынын тарифина отура турганын эстен чыгарбаш керек”, - дейт Акылбек Жапаров.

Депутат ушунча мезгилден бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген соӊ, экинчи эле эмес, үчүнчү агрегаттын да ишке киргизүү маселесин кошо чечишсе болмок деген пикирин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий