• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр АКШ инвесторлору менен cүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 11-июль, шейшембиде, Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстон баштаган АКШ соода миссиясынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү америкалык инвесторлорду жылуу кабылдайт жана чет элдик инвесторлор үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алат.

Ал белгилегендей, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын бирден бир маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп калат.

«АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. Бул жылдар аралыгында биздин өлкөлөр өз ара мамилелерде белгилүү бир ийгиликтерге жетишти. Биз мамлекеттик деңгээлде тыгыз байланыштарды колдроого алып, экономика жана инвестиция тармактарында кызматташтыкты кеңейтебиз», - деп баса белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Кыргыз-Америка Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстон, эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыктадар экендигин баса белгиледи. Мунун күбөсү катары Бишкек шаарында 11-июлда өткөн биринчи кыргыз-америкалык бизнес форумунун ачылышын атоого болот. Томас Файерстон АКШ делегация курамында америкалык ири компаниялардын өкүлдөрүнүн бар экендигин өзгөчө белгиледи. Алардын Кыргызстандын экономикасына каражаттарды инвестициялоого кызыкчылыгы пайда болду.

Премьер-министр менен болгон жолугушууда инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба тармактарындагы ири инвестициялык долбоорлор талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкө бийлиги америкалык инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр. Ошондой эле Өкмөт башчы аталган жолугушуу Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара экономикалык байланыштарга дем берерине үмүттөнгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий