• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Димаш Кудайбергеновдун сүрөтү түшүрүлгөн учак Кытайда учат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Казакстандын ырчысы Димаш Кудайбергеновдун сүрөтү түшүрүлгөн учак Кытайда уча баштайт. Бул тууралуу ырчынын PR-менеджери Алпамыс Шаримов социалдык баракчасына жазганын “Tengrinews.kz.” билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайда Димаштын элеси түшүрүлгөн учак чыгарылат. Учак “Moonlight Blade” аттуу видео оюнуна арналган. Аталган оюнга ырчы “Время-море ” деген саундтрек жазган.

“Аталган учак алгачкы каттамын 22-августта Шанхайдан Пекинге жасайт. Бул учак эми казакстандык жаш ырчынын аты менен брендге айланат”,-деп жазат Алпамыс Шаримов. “MMORPG” видео оюнунун негиздөөчүсү болуп “Tencent” компаниясы эсептелет. Бирок аталган оюндун расмий сайтында Димаш Кудайбергеновдун сүрөтү жана анын аткаруусундагы саундтрек жарыяланган.

Булак: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий