• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Балыкчы-Корумду автожолунун курулушу менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. «Өткөн жылы келип түшкөн арыз-даттануулардын көпчүлүгү курулуш иштерине байланыштуу болгон. Ошондуктан туристтик сезон маалында эс алуучулар үчүн Балыкчы-Корумду автожолунун реконструкциялоодогу ыйгайсыздыктарды минималдаштыруу керек. Туристтик сезонга зыяны тийбеш керек». Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарыны алкагында Балыкчы-Корумду автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата жолдун биринчи катмарынын оң тарабынын 43 жана сол тарабынан 47 км асфальт төшөлдү.

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду авто жолунун реаблитациялоо 2016-жылы башталган жана 104 км созулат. Жол куруу иши 1,5млрд сомго каржыланган.
Жамшитбек Калилов белгилегендей, быйылкы жылы Тамчы – Чолпон-Ата жолунун 43төн-75,5-километр тилкесин жана Чолпон-Ата-Бактуу Долоноту
жолунун 81,2 ден – 85-километрге чейинки тилкесин асфальттоо пландаштырылууда. Аталган 38-километринин курулушун үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин туристтик сезон башталганга чейин бүткөрүү пландаштырылууда. 2017-жылдын 29-майында аталган тилкенин 35-километринде биринчи катмарына асфальт төшөлдү жана 17-километринин 2-катмары асфальтталды.

Транспорт жана жолдор министри кошумчалагандай, жыл башынан бери бул максатта жалпысынан 412 млн. сом сарпталды. Мындан тышкары дагы 500 млн сом бөлүү каралууда.

Жамшитбек Калилов ортомчу компанияга бардык керектүү курулуш иштерин убагында жана көрсөтүлгөн мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасы коюлганын билдирди.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жолдун курулуш иштери Ысык-Көл облусун көздөй багыт алган туристтерге жолтоо болбошу керектигин билдирди. Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей өлкө жетекчилиги тарабынан жол инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Премьер-министр азыркы курулуп жаткан жолго бардык керектүү муктаждыктар бар экенин, финансылык каражат убагында бөлүнүн жатканын баса белгиледи.
Ошондо эле Өкмөт башчы жакында эле Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде полимер шагыл асфальт бетондоо аралашмасын колдонуп жол курган германиянын технологиясы менен таанышканын эскертти. Бул ыкманы колдонуу менен жолдун бекемдиги жана сапаттуулугу жогорулап, төмөнкү температура, оор жүккө туруктуу болуп, жарака кетүү бузулуулар азаят. Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго мындан ары өлкөдө жол курулуш иштерине аталган технологияны кеңири пайдаланууну тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында жайгашкан, Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иштерине тартылган асфальт бетон заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Завод 2016-жылы ишке кирип, 55 адамды жумуш орду менен камсыз кылат. Заводдо 27 атайын адистештирилген техника бар. Заводдун өндүрүмдүүлүгү саатына 320 тоннаны түзөт. Бүгүнкү күндө заводдо 166 миң 500 тонна даяр продукция бар.

Пикир

Оставить комментарий