• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Асман шаарынын курулушу жөнүндө: биз кыялды ишке ашырууну пландап жатабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйындын жүрүшүндө Асман шаарынын курулушу жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, азыркы учурда шаардын башкы планын түзүү иштери жүрүп, суу жана электр энергиясы менен камсыздоо булактары изделүүдө. Шаардын курулушун беш жылдын аралыгында бүткөрүү пландалууда.

«Асман шаары - бул кыргыз элинин нөлдөн баштап өзүнүн экологиялык таза шаарын куруу кыялы. Биз кыялды ишке ашырууну пландап жатабыз», - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле бүгүнкү күндө министрлер кабинетине инвесторлордон көптөгөн сунуштар түшүп жаткандыгын айтты.

«Ошондой сунуштардын бири - Караколдо IT- шаарчасын куруу. Биз инвесторго жардам берүүгө аракет кылабыз. Эгерде анын колунан келсе, эмнеге Асман шаарын курууга болбойт? Билесизби, Астананы курат деп эч ким ишенген эмес. Ташкент-Ситини караңыз - шаардын ичиндеги шаар. Алардын колунан келди, биздин да колубуздан келет», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий