• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Байсалов: Бизди курчап турган жаратылыш уникалдуу жана кайталангыс. Аны сактообуз керек

Өкмөт 0

Бишкек, 08.10.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Таза мурас» улуттук кампаниясынын алкагында Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өткөн ишембиликке катышты.

Эдил Байсалов белгилегендей, бүгүнкү ишембиликтин максаты өлкөнүн шаарларында жана айыл аймактарында тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу болуп саналат.

«Эгерде биз экологияга жана айлана-чөйрөбүзүн тазалыгына кам көрбөсөк, тең салмактуулук бузулуп, аны калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн болбой калат. Бизди курчап турган жаратылыш уникалдуу жана кайталангыс. Албетте, күнүмдүк түйшүктөн улам кээде биз айлана-чөйрөнү коргоп, ага кам көрүү керектигин унутта калтырып коебуз. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Таза Мурас» улуттук кампаниясын өткөрүү демилгеси өлкөнүн бардык жарандары тарабынан колдоого алынат деп ишенем», - деп белгиледи ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өсүп келе жаткан муунду өз өлкөсүн, элин ардактоо духунда тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту эч качан ыйык жерибизге туш келди таштанды ыргытып, жерди булгабайт. Убакыттын өтүшү менен баарыбыз таштандыларды өзүнчө сорттоого өтүп, жаратылышыбызды сактоого чоң салымыбызды кошобуз деп ишенем», - деп жыйынтыктады Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик таштандыларын башкаруу боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын жана «Таза Мурас» улуттук кампаниясын ишке ашыруу алкагында республика боюнча өтүп жаткан ишембиликке Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий