• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Солтон-Сары кениндеги лицензияларды ким жана качан берген? – Өкмөттүн жообу

Өкмөт 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү лицензияларды берүү процедурасына мамилени түп-тамырынан өзгөртүү жана инвесторлор менен иштөө принциптерин жалпы жонунан реформалоо боюнча активдүү иштерди алып барууда.Инвесторлорго мамлекеттик деңгээлде мамиле кылуу жана мамлекеттик колдоо принциптери көңүл чордонуна коюлган. Буга байланыштуу лицензиялоонун негизги жоболоруна мамлекеттин сынактык жана аукциондук кен объекттерине милдеттүү үлүшүн камтыган ченемдер киргизилген. Бул принципиалдуу позиция ушул сыяктуу калк жана инвестордун ортосунда келишпестикке алып келген тажрыйбаны изилдөөнүн негизинде иштелип чыккан. Биргелешкен ийгиликтүү жана натыйжасыз ишти камсыз кылуу үчүн ар бир тоо-кен ишканасында мамлекеттин үлүшү болушу керек. Бул тоо-кен тармагына өзүнүн капиталын салган инвесторлор үчүн кепилдик болушу керек, ошондой эле жергиликтүү калк жана инвестордун ортосундагы мамилелерди турукташтырат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен объекттерин иштетүүгө даярдоонун алдында жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келет. Анын пикиринде бул процесстин ачыктыгын камсыздоо аркылуу гана инвестициялык климатты жакшыртууга жана улуттук байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгында пайдаланууга болот.

Мындай натыйжалуу кызматташуунун мисалы катары «Макмалалтын» комбинатынын базасында биргелешкен ишкана ачуу саналат, мында 30% мамлекетке, ал эми 70% кенди иштетүү үчүн пайдалуу шарттарды сунуштаган - «Мансон Групп» компаниясына таандык.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор өз каражаттарынын эсебинен геологиялык чалгындоо иштерин эске алуу менен 75 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылайт. Бул инвестициялык келишимди ишке ашыруу комбинатка жана тармактык эмес ишканаларга Тогуз-Торо районунун жашоочуларынан турган 1300 адамды ишке орноштурууга шарт түзөт.

«Мансон Групп» компаниясы алтын чыгаруучу фабриканы ишке киргизүүгө же аны модернизациялоого чейин жыл сайын 10 млн сом өлчөмүндө чегерүүлөрдү жүргүзөт, ал эми фабрика ишке кирген күндөн тартып, жылдык чегерүүлөрдүн өлчөмү биргелешкен ишканалардын жылдык дүң кирешесинин 2% түзөт.

Калкты иш менен камсыздоо жана аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн инвестор бир катар ишканаларды, модулдук сүт жана кыш заводун, балды кайра иштетүү модулдук заводун, поликарбонат күнөскана-модулдук комплексин, май куюучу жай, дүкөн, мини-маркет, кафе, жарманке, май куюучу жайдын карамагындагы эки кабат отелди, үч кабат мейманкана-туристтик комплексти куруу пландалууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын кен пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө» чечимдерин ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде кен пайдалануу чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Солтон-Сары кени боюнча 2019-жылдын 26-июлунда, окуя болгон соң дароо эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жеринде жарандар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн. Бардык жүйөлөр угулуп, жарандар тарабынан тоо-кен компанияга карата 83 пункттан турган талаптар коюлган. Компания аларды аткарууга милдеттенген. Аларды аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн тегеректеги айылдардын жашоочуларынан турган жарандык топ түзүлгөн. Өкмөт кабыл алынган милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөп, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды көрөт. Бүгүнкү күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бардык негизги жетекчилер жеринде жүрүшөт жана жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт

«Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет. Кен – Бучук жана Алтын -Төр деген 2 участоктон турат.

Учурда «Zhong Ji Mining Company» кытай-кыргыз компаниясы ЖЧКсы төмөнкү лицензияларга ээ:

Коомдун жетекчиси: КЭР жараны Сюй Говей;

Коомдун түзүүчүсү: «ЧАЙНА ГОЛД ГОНКОНГ БУЧУК МАЙНИНГ КОМПАНИ ЛИМИТЕД» Компаниясы - 100%.

1) Компаниянын лицензиялары жана ишмердүүлүгү

1. № 2387 АР лицензиясы — Солтон-Сары кенинин Бучук аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2009-жылдын 20-декабрынан 2020-жылдын 2-февралына чейинки мөөнөткө берилген.

Биринчи лицензия 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З.Курманалиев тарабынан берилген.

Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев берген.

Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши мезгилинде алган.

Аянты – 1500 га;

Жалпы төлөмдөр 211,9 млн сом, алардын ичинде:

Бонус- 49,3 млн сом;

ПУЛ- 8,0 млн сом;

Айыл чарба жоготуулары - 105,97 млн сом.

«Zhong Ji Minig Company» ЖЧКсынын 2012-жылдан 2019-жылга чейин жогорудагы лицензиялар боюнча лицензияларды кармап калуу төлөмүнө тийиштүү 900 000 сом бөлүнгөн.

2. 3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы И.К.Чунуевден алышкан.

Аянты - 44,07 га.

С2 категориясы боюнча камы:

Кендин көлөмү – 3571,9 миң тонна;

Орточо камтылган алтын – 3,49 г/т,

Алтындын жалпы көлөмү – 12052,88 кг.

Ошону менен бирге 745 221 АКШ доллары өлчөмүндө бонус төлөнгөн.

Белгилей кетсек, 05.08.2015-ж. коомдор кайра каттоодон өткөн, коомдордун катышуучуларынын курамынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 745 221,4 АКШ доллары өлчөмүндө бонус кайрадан төлөнгөн.

2018-жылы компания 210,83 миң м3 көлөмдүү тилкеде казуу иштерин жүргүзгөн. 2019-жылга алтын казуу планы – 1306,3 кг; 2020-жылга чейин жана андан ары карай 2094 кг.

2018-жылга капиталдык салымдар – 346 268,6 миң сом.

«Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсынын 2013-жылдан 2019-жылга чейин жогорудагы лицензиялар боюнча лицензияларды кармап калуу төлөмүнө тийиштүү 19 696,24 сом бөлүнгөн.

2) Төлөмдөр жана кайрымдуулук тууралуу маалымат:

№1

Аталышы

2015

2016

2017

2018

2019

жалпы

1

Жергиликтүү калкка соцпакет

940 000

11333996

8031400

11023500

5828000

37156896

2

Миң-Булак айыл өкмөтү

840 000

6333996

7172000

7623000

21968996

3

Эмгекчил айыл өкмөтү

5000 000

729000

3000 000

5500000

14229000

4

Башка

100 000

130400

400500

328000

958900

Башкалар сабында көрсөтүлгөн жардамга эскертүүлөр:

2015-ж. Редакция - 100 000 с. Материалдык жардам.

2017-ж. Кыргыз тоо Ассоциациясы юридикалык жактар бирикмеси - 130400 с.

2018-ж. жаш геолог – 20 000, этноспорт конфедерациясы - 206 000 с., аз камсыз болгондорго жардам, Нарын облустук администрациясы - 180 000 с, Нарын СЭС - 52500 с., мамкаттоо - 70 000 с.

Бүгүнкү күнү компаниянын инфратүзүм объекттеринде жолдордун курулушу, фабрика жана башка курулмаларда жалпысынан 473 адам иштейт, анын ичинде 301 Кыргыз Республикасынын жараны (135 Миң-Булак, Нарын шаарынын 40 жараны жана башка), 126 субподрядчы жана 172 КЭР жараны бар.

3) Коомдук угуулар.

Компаниянын иши тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында 2018-жылы мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Эмгекчил жана Миң-Булак айыл аймактарынын жашоочулары менен бир нече ирет жолугушканын белгилеп кетүү зарыл.

2018-жылдын 18-апрелинде Миң-Булак айыл аймагында ушул айыл аймагынын жашоочулары менен кезектеги жолугушуунун жыйынтыгы менен 564,9 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Протокол жана айыл өкмөттүн чечими түзүлгөн.

2018-жылдын 15-майында Эмгекчил аймагында ушул айыл аймагынын жашоочулары менен кезектеги жолугушуунун жыйынтыгы менен 391,2 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Протокол жана айыл өкмөттүн чечими түзүлгөн.

Көрсөтүлгөн чечимдердин негизинде Нарын жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилген.

Пикир

Оставить комментарий