• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Боронов ЕРӨБ аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы финансылык институтка Кыргыз Республикасына көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар энергетика тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, бир катар шаарлардагы суу менен камсыздоо жана канализациялар тутумун реабилитациялоо, муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Кубатбек Боронов белгилегендей, биргелешкен кызматташтык алкагында кичи шаарлардагы инвестициялык климатты, муниципалдык жана инфраструктуралык кызматтарды жакшыртуу, займ жана гранттарды сунуштоо аркылуу финансылык секторду чыңдоо жана ишкерликти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында маанилүү долбоорлор ишке ашырылган.

Премьер-министр өлкөнүн айрым экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине белгилүү өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизгендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы колдоого алуу боюнча олуттуу иштер аткарылды жана бүгүнкү күндө ишкерлик субьектилердин экономикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого алууга багытталган чаралардын оңдуу натыйжалары байкалууда», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде Нил Маккейн банктын ишмердүүлүгү жана артыкчылыктары, анын ичинде реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасы ЕРӨБдүн маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү болуп саналаарын, ошондуктан уюм ар тараптуу кызматташтыктын улантылышына чоң маани берээрин билдирди.

Жыйынтыгында Премьер-министр Кубатбек Боронов биздин республика аймактагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүсү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кызматташтыкка жогору баа берерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий