• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Премьер-министр Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 18. 06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы жолугушууда белгилегендей, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары, тараптар ортосунда жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, аларга күчтүү өбөлгө берет.

«Чан Ань» көп тармактуу корпорациясынын директору Ли Ган белгилегендей, Кытайдан келген делегация эки өлкөнүн ортосунда ар түрдүү багыттарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдойт.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өзүнүн сөзүндө Суяб шаарында туулган көрүнүктүү кытай акыны Ли Байдын саптарын бир нече ирет келтирген. Сапарыбыздын алкагында биз Токмок шаарына жакын жердеги ошол аймакка бардык. Биз акын Ли Бай тууралуу тарыхый тасма тартууга ниеттенип жатабыз. Ошону менен биздин өз ара алакаларыбыздын маданий чийинин жана баалуулуктарын көрсөтөбүз. Эки өлкөнүн археологдорунун аракеттешүүсү менен биз аймакты изилдеп, казуу иштерин жүргүзүп, акын Ли Байдын музейин тургузсак дейбиз. Бул жер тарыхый туристтик борбор болмок. Мындан тышкары биз атамекендик кинорежиссерлор менен жолугушуп, тасманын сценарийин жазуу боюнча сунуштарды талкууладык, тасма бул жакта жана Кытайда тартылат», - деди ал.

Делегация мүчөлөрү билдиришкендей, сапардын алкагында кытай чайын өндүрүү, ликер-арак продукцияларын чыгаруу, Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча макулдашылып, ошондой эле транс чек аралык дүң сооданын электрондук базасын өнүктүрүү келечеги талкууланды.

«Мындан тышкары биз өлкөнүн туристтик потенциалына көңүл буруп жатабыз. Кытайдан жылына 100 млн турист дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнө барышат. Бул багытта Ысык-Көлдүн жээгинде туристтик база, мейманкана комплексин түзүү пландары бар. Бул экономикалык эмес, маданий долбоор, туристтик каттам мурда Суяб шаары жайгашкан аймак аркылуу өтөт. Бул баштоолордун баары маанилүү жана Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагындагы көрсөтмөлөрүнө дал келет», - деди Ли Ган.

Пикир

Оставить комментарий