• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр өлкөдөгү экономикалык абалдын көрсөткүчтөрүнө токтолду

Өкмөт 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги коалициялык көпчүлүктүн кароосуна койду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү экономикалык абалдын көрсөткүчтөрүнө, айыл чарба тармагын колдоо жана башка мамлекеттик маанидеги долбоорлорго токтолду.

Премьер-министрдин докаладынан кийин талкуу суроо-жооп иретинде уланып, натыйжада Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Өкмөттүн 2016-жыдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун парламенттеги көпчүлүк коалиция колдоду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына коюлат.

Пикир

Оставить комментарий