• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Бишкек-Сити” ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.21. /Кабар/. “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу иретинде кабыл алынган.

“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоору Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө жана анын эл аралык, чет элдик жана финансылык түзүмдөр жана инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатууга, Бишкек шаарынын туристтик потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн заманбап бизнестин, финансылык жана туристтик инфраструктуранын динамикалуу өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле борбордун калкы жана меймандары үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизимин кеңейтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга багытталган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүдөй чечим кылат:

- “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилсин.

- “Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитети түзүлсүн.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий