• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Илимий даражасы үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасы жогорулатылды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, илимий даражасы үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасы жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Аталган чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, анын аброюн жогорулатуу жана илимий жана педагогикалык кадрларды колдоого алуу максатында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасы төмөнкүдөй белгиленет:

- илим кандидаты илимий даражасы үчүн - 900 сом өлчөмүндө;

- илим доктору илимий даражасы үчүн – 1800 сом өлчөмүндө.

Мындан мурда илим кандидаты илимий даражасы үчүн ай сайын каралган үстөктүн суммасы – 300 сомду, ал эми илим доктору илимий даражасы үчүн 600 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий