• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов: Аймактарды өнүктүрүү транспорттук инфраструктура менен тыгыз байланышкан

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү транспорттук инфраструктура менен тыгыз байланышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2019-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтты.

«2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын региондору аркылуу өткөн 335,5 чакырым эл аралык транспорттук коридорлордун реконструкциясын каржылады. Республиканын ар бир районунда 3 км жолду асфальттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы аткарылып, республикалык бюджеттен региондордо 168 км жол асфальттанды. Бул механизм өз натыйжалуулугун көрсөттү жана 2020-жылы да бул багыттагы иштерди улантабыз», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов үстүбүздөгү жылы электрондук транспорттук көзөмөлдү киргизүү, жолду паспорттоштуруу, коммерциялык жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан жыйымдарды чогултуунун автоматташкан системасын иштеп чыгуу жана киргизүүгө өзгөчө басым жасоо керектигин баса көрсөттү.

«Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтин ишинде жетишилген натыйжалар менен катар айрым бир кемчилдиктер орун алат. Алсак, корруцияга каршы иштер алгылыктуу жүргүзүлбөй жаткандыктан, тармактагы жетишкендиктер, оңдуу көрсөткүчтөр жокко чыгып жатат. Мындан тышкары курулуп жаткан жолдордун сапатынын начардыгына жана жол салууну үзгүлтүккө учуратууга жол берилбеши керек. Жол куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу топторунун ишин оптималдаштыруу кажет. Авиация тармагында ата мекендик авиакомпаниялардын каттамдарын кеңейтүү жана Европа биримдигинин «Кара тизмесинен» чыгуу боюнча иш-чаралар өз деңгээлинде аткарылбай жатат», - деп Кубатбек Боронов ведомствонун ишин сынга алды.

Муну менен бирге биринчи вице-премьер-министр жарандык авиацияны, темир жол жана жол тармагын өнүктүрүү багытында Өкмөт тарабынан бекитилген программаларды жүзөгө ашырууну өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү талап кылды.

Мындан тышкары коллегиянын жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир катар тийиштүү тапшырмаларды берди, анын ичинде:

- коррупцияга каршы иш-аракеттер планын толук аткаруу;

- Бишкек – Кара-Балта, Маданият – Жалал-Абад, Ош-Баткен-Исфана, Түндүк-Түштүк автожолдорунун курулуштарын улантып, жылдын аягына чейин графиктен калбай, сапаттуу жүргүзүү;

- «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун баштоо, «Манас» эл аралык аэропортун модернизациялоону мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашыруу;

- жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу сыяктуу.

Пикир

Оставить комментарий