• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент А.Атамбаев: «Аталарыбыз башын сайып, бизге, кийинки муундарга алып келген Тынчтыкты, Эркиндикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!»

Президент 0


Бишкек, 9-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, бүгүн 9-майда, борбор шаардын Жеңиш аянтындагы болуп өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасына катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорду эскерип, Түбөлүк отко гүлчамбар койду.

Салтанаттуу иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дуйшенбиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!
Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктайм!

9-май – ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө майрам, үй-бүлөлүк майрам, ыйык майрам.
Биз бүгүн Улуу ата мекендик согушта жана оорукта Жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип, таазим этебиз.

Урматтуу мекендештер!

Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхтагы эң кандуу, ошону менен катар адамзатка улуу сабактарды калтырган окуя болду. Бул бир улутту башка улуттан жогору койбош керектигин, курал менен башканы багынтуу мүмкүн эместигин, жер шарында Тынчтыктан улук бир дагы дөөлөт жок экенин бардык элдердин эсинен чыккыс сабак кылып калтырган.

Тилекке каршы, азыр дүйнөнү кайрадан коогалаӊдар басты – боордоштор бири-бирин өлтүрүп жатышат, террорчулук, башкалардын жерин, байлыктарын басып алуу аракеттери токтогон жок, күн сайын миңдеген бейкүнөө адамдар ажал таап, туш-тушка тентип кетүүдө. Дүйнөдө бир дагы өлкө бул коркунучтардан четте калган жок.

Ошондуктан, адамзатка, ар бир адамга азыр тынчтык, сабырдуулук, айкөлдүк деген сапаттар абдан зарыл болуп турат. Аталарыбыз башын сайып, бизге, кийинки муундарга алып келген Тынчтыкты, Эркиндикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Ошондо гана ардагерлерибиз алдындагы парзыбызды актайбыз!

Арабызда калган согуш жана эмгек ардагерлерине камкордук көрүп, алардан жылуу сөз, жардам аябайлык.

Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!
Урматтуу мекендештер!

Бүгүн мен сиздерди Жеңиш майрамы менен Президент катары, Куралдуу күчтөрдүн Колбашчысы катары алтынчы жолу куттуктап жатам.

Өзүңөр билгендей, беш айдан кийин кыргыз эли жаңы Президентти шайлайт. Эмдиги жылы сиздерди башка Президент, башка Колбашчы куттуктайт.

Ишенип койгула, ушул жылдардын ичинде согуш ардагерлери үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Беш жыл мурда өлкөнүн акыбалы өтө начар болчу. Мисалы, ардагерлерге ай сайын кошумча он миң сомдон төлөйлү десек, бюджетте акча жок эле. Чет элдик спонсорлордон жыл сайын каражат таап жаттык. Төрт жылда 300 миллион сом таптык ардагерлердин стипендиясы үчүн.

Кудайга шүгүр, азыр өлкөнүн акыбалы башка. Ушул жылдан баштап бул милдетти мамлекет аткарып жатат. Кыргызстан бутка турду!

Урматтуу аталар-апалар!

Силер каалагандай жардам бере албасам, кечирип койгула. Колдон келишинче иштедим. Анткени, силерди көргөндө өз атамды көргөндөй болом. Кыргызда: “Атам өлсө да, атамды көргөндөр, билгендер өлбөсүн” деген сөз бар. Ал киши да сиздерге окшоп согуш ардагери болчу. Апам эмгек ардагери болчу.

Ошондуктан, бүгүн, урматтуу аталар-апалар, Президент катары, Куралдуу күчтөрдүн Колбашчысы катары сиздерге буйрук берем:

Бар болгула!

Аман-эсен болгула!

Эмки 9-май майрамын сөзсүз бала-чака менен чогуу тосуп алгыла!
Жараткан баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай берсин!
Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!”.

Пикир

Оставить комментарий