• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы менен жылуу куттуктап, боордош элге жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Садыр Жапаров куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Ал көп кылымдык тарыхый байланыштары бар эки элдин ортосундагы мамилени акыркы жылдарда стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруудагы Шавкат Мирзиёевдин жеке салымын өзүнчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен күч-аракет менен бир туугандык жана ынак коңшулук кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да динамикалуу жана ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Сүйлөшүү жүрүшүндө өлкө лидерлери үстүбүздөгү жылдын 15-16-сентябрында Самаркандда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин күн тартибин да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий