• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бир катар өлкө жетекчилери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Кытай төрагасы Си Цзиньпин, Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джозеф Байден, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Сингапурдун президенти Халима Якоб, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль-Халиф , Египеттин президенти Абдель Фаттах Аль Сиси, Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси, Палестинанын президенти Махмуд Аббас , Шри-Ланканын президенти Ранил Викрамасингхе , Индиянын президенти Драупади Мурму , Ирактын президенти Бархам Салих , Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II, Швейцариянын президенти Иньяцио Кассис, Хорватиянын президенти Зоран Миланович , Польшанын президенти Анджей Дуда, Чехиянын президенти Милош Земан, Индонезиянын президенти Жоко Видодо, Черногория президенти Мило Джуканович , Венгриянын президенти Новак Каталин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Азербайжан президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана сиздин элиңизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Келерки жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Жалпы тарыхка, бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамлекеттер аралык мамилелерибиздин өнүгүшү канааттануу сезимин туудурат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Азербайжанга болгон расмий иш сапарыңыздын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган бир катар документтер, атап айтканда, Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация жана Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык Кеңешин түзүү жөнүндө Меморандум биздин мамилелерибиздин жаңы сапаттык деңгээлге умтулгандыгынын айкын мисалы болуп саналат.

Биз азербайжан-кыргыз мамилелеринин болгон потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу, эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу форматта да өз ара ишенимге жана колдоого негизделген кызматташтыгыбызды кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерибизди улантабыз деп ишенем.

Ушул майрамдык күнү Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”.

Беларусь президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Эгемендүүлүк жылдарында сиздердин өлкөдө мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, экономикалык өсүштү камсыз кылууга, Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга багытталган маанилүү демилгелер ишке ашырылды.

Биздин элдерибиздин ортосундагы ондогон жылдардан бери келе жаткан өз ара урмат-сыйдын жана достуктун салттары мындан ары да саясий диалогду ырааттуу өнүктүрүү, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө жемиштүү байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз кызматташтык үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Сизге чын жүрөгүмдөн, урматтуу Садыр Нургожоевич, чың ден соолук жана Ата Мекендин бакубатчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт, тынчтык жана ынтымак каалайм”.

Түркия президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Дос жана бир тууган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө катары, акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатабыз.

Биз алдыдагы мезгилде, жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен салымыбыз менен жалпы тил, маданият жана тарыхый байланыштан кубат алган стратегиялык деңгээлдеги мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө чечкиндүүбүз”.

Кытай Эл Республикасынын төрагасынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Президенттик кызматка киришкенден кийин сиз бир катар маанилүү реформалык чараларды көрүп, социалдык туруктуулукту натыйжалуу камсыздап, элдин жыргалчылыгын иш жүзүндө жогорулатып, Кыргызстан элинин ишенимине жана колдоосуна ээ болдуңуз. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан мамлекеттик курулуштун жолунда тынымсыз жаңы ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Үстүбүздөгү жылдын февралында биз Пекинде жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кеңири макулдашууларга жетиштик жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук кызматташтыктын улуу келечегин биргелешип белгиледик. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурам жана эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын негизинде сиздер менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын.

Дос Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү жана күч-кубат, ал эми анын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм”.

Сауд Аравия падышасынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата биз Сизге, Улуу Мартабалуу, чын жүрөктөн куттуктоолорубузду жана чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана бир тууган элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалаганыбызга кубанычтабыз”.

Америка Кошмо Штаттарынын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана өнөктөштүктү бекемдөө биздин өлкөлөр, Борбордук Азия жана бүткүл дүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасын жакындатууга болгон аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана алдыдагы жылы жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”.

Германия президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Быйыл Кыргызстан менен Германия эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет. Биз курчап турган чөйрөнү коргоодон маданий иш-чараларды жайылтууга чейинки маселелердин кеңири спектри боюнча достук жана ишенимдүү кызматташтыктын пайдубалын түптөөгө мүмкүндүк берген окуяларга бай жылдарды эстейбиз.
Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктап, Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз менен өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий ишмердүүлүгүнө калктын бардык топторунун катышуусун колдогон коомдун калыптанышына карай кадам таштоосун улантып жаткандыгына ишенгенимди билдиргим келет. Биздин жакын жерибизде тынчтык жана демократия коркунуч астында турган ушул күндөрдө, Германия биз биргелешип түзгөн эл аралык тартипти сактоо үчүн күрөшкөндөдү жактай берет.

Сизге бардык жакшылыктарды жана Кыргызстан элине эркиндикте, коопсуздукта жана гүлдөп-өнүгүүдөгү бейпил келечек каалайм”,

Сингапур президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнүн кубанычтуу майрамына карата Сингапур элинин атынан эң жылуу куттуктоолорумду жана сиздин өлкөңүзгө жана элиңизге мындан аркы тынчтык, прогресс жана бакыт-таалай каалоолорду айтууга уруксат этиңиз”.

Бахрейндин падышасынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Өзүмдүн жана Бахрейн Падышалыгынын элинин атынан сиздерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм жана бардык жакшылыктарды каалайм. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп өнүгүү каалайм”.

Египеттин президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эки дос элибиздин кызыкчылыгында жакынкы жылдарда Египет менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да кеңейтүү үчүн Сиз менен кызматташууну улантууга кызыкдар экенибизди билдирүүгө уруксат этиңиз”.

Абдель Фаттах Аль Сиси Садыр Жапаровго бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине жемиштүү жана бакубат келечек каалады.

Ирандын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Сизди, Улуу мартабалуу жана өлкөңүздүн элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм. Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасы ар дайым саясий, экономикалык жана маданий тармактарда жана өз ара кызыкчылыктардын алкагында кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу үчүн натыйжалуу аракеттерди көрүп келишкен. Эки өлкөнүн биргелешкен абдан жакшы дараметинин аркасында эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана тереңдетүү багытында мындан да көп ийгиликтерге жетишебиз деп ишенем.

Улуу Жараткандан Сизге, Улуу мартабалууга ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми дос жана боордош Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм”.

Палестинанын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Палестина мамлекетинин, анын элинин жана жеке өзүбүздүн атыбыздан Улуу мартабалуу Сиздин Өкмөтүңүзгө жана Кыргыз Республикасынын бир тууган элине Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгына карата чын жүрөктөн куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду айтуу бизге чоң кубаныч тартуулайт. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, элиңиздерге бакубатчылык каалайм.

Биз сиздин элибиздин укуктарын бекем колдоо позицияңыз үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана элдерибизди жана өлкөлөрүбүздү бириктирген бир туугандык жана өз ара урматтоо байланыштары менен сыймыктанабыз, биз бул мамилелерди эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыктары үчүн мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтулабыз”.

Шри-Ланканын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Улуттук майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктоомду жана эң жакшы каалоолорумду айтууга кубанычтамын. Шри-Ланка менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жалпы баалуулуктарга, өз ара урматтоого жана элдердин активдүү байланыштарына негизделген жакын жана жылуу деп мүнөздөлөт. Менин эң жакшы каалоолорумду жана эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Индиянын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Индия Өкмөтүнүн жана элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди, Министрлер Кабинетин жана Кыргызстандын элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Биздин жылуу, достук жана жалпы цивилизациялык байланыштарыбыз эки тараптуу мамилелерибиз үчүн бекем негиз түзөт. Соңку мезгилде индиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү ырааттуу бекемделүүдө. Биздин өлкөлөр мындан ары да түрдүү тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдейт деп ишенем.

Сизге чын дилимден чың ден соолук жана бакубатчылык, ошондой эле дос Кыргыз Республикасынын элине ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм».

Ирактын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктоо кубаныч тартуулайт. Сизге бекем ден соолук жана иштериңизге ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү каалайм.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да өнүгүп, мамлекетибиздин жана элибиздин жалпы кызыкчылыктарына ар тараптуу кызмат кылат деген терең үмүттө экенимди билдирем”.

Ханыша Елизавета II куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Эгемендүүлүк күнүнүн өзгөчө майрамына жана эки тараптуу мамилелердин орношунун 30 жылдыгына байланыштуу мен сиздерге куттуктоолорумду жана Кыргызстандын элине эң жакшы каалоомду жолдойм. Келгиле, чечкиндүүлүк жана туруктуулук менен глобалдык чакырыктар менен биргелешип иштөөнү уланталы”.

Швейцариянын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Быйыл биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Жакшы жана ишенимдүү мамилелер негизги глобалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүнүн ачкычы болуп саналат. Айрыкча, Бреттон-Вудс институттарынын алкагындагы кызматташтыкты жогору баалайм. Биздин жемиштүү жана достук кызматташтыгыбыз мындан ары да уланаарына ишенем.

Сизге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтык жана бакубат келечек каалайм”.

Хорватиянын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Хорватия Республикасынын жарандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктоолорду, ошондой эле сиздердин жарандарга прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалоолорумду айтууга кубанычтамын.
Учурдан пайдаланып, Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан ары да чыңдалышына жана активдешүүсүнө ишеним билдирем”.

Польшанын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата поляк элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын чын жүрөктөн куттуктайм. Биз Кыргызстанды Польшага жакын мамлекет деп эсептейбиз. Биз системалуу кайра куруулар жана ички реформалар, анын ичинде децентралдаштыруу боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз.

Сизге ден соолук, өлкөнүн өнүгүшүнө жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн чыңдоого умтулууңузда мындан аркы ийгиликтерди каалайм”.

Чехиянын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Сизди Кыргыз Республикасынын улуттук күнү - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз. Чех Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы салттуу жакшы мамилелер ар дайым достуктун, кызматташтыктын жана өз ара урматтоонун духунда өнүгүп келген жана биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары да бекемделип, өнүгө берерине ишенем. Сизге жана сиздин өлкөңүзгө бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм”.

Индонезиянын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Сизге Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн жана элинин атынан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорубузду жолдоп жатканыма абдан кубанычтамын.

Бул жакшы мүмкүнчүлүктү пайдаланып эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө үмүт артарымды билдирүүгө уруксат этиңиз. Ар кыл деңгээлдеги жана түрдүү тармактагы кызматташуубуз элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өркүндөй берсин”.

Черногория президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Черногория элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздин өлкөңүздүн гүлдөп-өнүгүшүн жана анын жарандарынын бакубаттуулугун каалоо менен менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Черногориянын Кыргызстандагы элчисинин резидент эмес негизде алдыдагы аккредитациясы жарандарыбыздын жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын салттуу жана достук мамилелерин жакшыртаарына ишенем”.

Венгриянын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу чын дилимден каалоо-тилектерди айтууга уруксат этиңиздер.

Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген мамилелер мурунку жылдары динамикалуу өнүккөнү кубандырат. Биздин жалпы салттарыбыз, ошондой эле эки элдин достугу келечекте биздин мамлекеттердин кызматташтыгы үчүн ишенимдүү пайдубал болуп кызмат кылат деп ишенем. Венгрия стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө умтулат деп ишендире алам. Жооптуу кызматыңызда зор ийгиликтерди жана чың ден соолук каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий