• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунун жүрүшүнө көз салды — сүрөт, видео

Президент 0


Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» окуу борборунда болуп, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусунун активдүү фазасына көз салды.

«Калкан-2022» машыгуусунун негизги максаты — мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүү, аскерлерди башкаруу, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыздоонун бардык түрлөрү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.

Машыгууларда КР УКМК Чек ара кызматынын атайын түзүмдөрү жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын түзүмдөрү мамлекеттик чек араны кесип өткөн (жырып өтүү) мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча жөндөмдөрүн иш жүзүндө көрсөтүштү.

Сунушталган машыгуу сценарийи мамлекеттик чек арадагы реалдуу жагдайга болушунча жакындатылган. Атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын жана КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактарын колдонушту.

Машыгуулар күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүдө чек ара отрядынын башкаруу органдарынын, бөлүктөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү күч түзүмдөрүнүн ырааттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Бул машыгуулар Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө багытталган.

Машыгуулар аяктагандан кийин крезидент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда аскерлердин даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, машыгуулардын активдүү фазасы Кыргызстан өлкөнүн улуттук коопсуздугуна келтирилген ар кандай коркунучтарга, анын ичинде куралдуу кагылышууларга жооп кайтаруу үчүн адекваттуу чараларды көрүүгө даярдыгын ачык тастыктап турганын кошумчалады.

Андан соң мамлекет башчысы курал-жарактарды карап чыгып, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жатак бөлмөсү, талаа ооруканасы жана ашканасы, көчмө башкаруу пункттары жана башкалар кирген убактылуу жайгаштыруу борбору менен таанышты.

Садыр Жапаров ошондой эле «ТИГР» зооттолгон унаасын айдап, «Байрактар ТБ-2» учкучсуз учактары колдонулган жерди өзү көрүп чыкты.

Андан соң машыгуулардын катышуучуларынын салтанаттуу өтүшү болду.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров аскерлер менен бирге талаа ашканасында тамактанып, кызмат өтөө шарттары боюнча суроолорду берип, алардын суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий