• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Ашхабадга келди

Президент 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду, анда Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Эске салсак, жумушчу сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат.

Пикир

Оставить комментарий