• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: Саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. «Саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде.

Мамлекет башчысы азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ көйгөйлөрдү ашкерелегендигин жана жыйынтыктар чыгарыларын белгиледи.

«Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Президент катары ар бир күнү ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатканыдыгы туурасында кошумчалады.

«Эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өкмөт, жергиликтүү бийлик эмне чараларды көрүп жатканынан толук кабардармын. Өзүм дагы күнүгө талапты коюп, сүйлөшүп, тиешелүү чараларды көрүү, элге медициналык кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча талаптарды коюп жатам», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент биз мындан да оор кыйынчылыктарды жеңип келген элбиз деп белгилеп, үмүттү үзбөй турууга чакырды.

«Тарыхыбызда мындан да оор сыноолорду өткөзгөнбүз. Бул кыйынчылыктардан да чыгабыз. Ооруну жеңүүнүн бир эле жолу бар: улуттук биримдик, эбегейсиз жоопкерчилик, абдан терең ишеним. Негизгиси — жерибиздеги тынчтык жана элибиздин амандыгы. Кечээ жакында Аалы акыныбыз, баталуу элбиз деп ырдаптыр. Абдан кунт коюп уктум. Угуп койсо деп каалоо айтат элем. Адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдү дүйнө эли менен катар биз да жеңип чыгабыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий