• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жашоочулары менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Исфана шаарында Лейлек районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Лейлек – даңазалуу, касиеттүү жер, райондун тарыхы өтө терең экенин, бул аймактан Кыргызстандын өнүгүшүнө жана мамлекет катары калыптанышына баа жеткис салым кошкон эчен легендарлуу адамдар, мыкты инсандар, өнөр залкарлары чыкканын белгиледи.

«Алардын арасынан кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырып, өлкөбүздү бийик деңгээлге көтөргөн Исхак Раззаковду жогорку урмат, өзгөчө бийик сый менен атап келебиз. Менин да турмушта ыйык туткан идеалым - Исхак Раззаков. Анын “Мен таза болсом, сен таза болсоң, биз таза болсок, коом да таза болот” деген улуу сөзү биздин азыркы турмушубуздун башкы принциби болушу керек», - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салды. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймакты өнүктүрүү керек, бул менин ишимдин артыкчылыктуу багыты болот. Ал бир жыл менен эле чектелбейт. Бул маселени мен дайыма көңүл борборунда кармайм. Аймактардын негизги маселеси бул – социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда биз системалуу иш алып барабыз жана ал иштер менин такай көзөмөлүмдө болот. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, алардын жоопкерчилигин да жогорулатабыз”, - деп белгиледи Президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын белгиледи.

“Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз”, - деди Президент жолугушуунун катышуучуларына кайрылып.

Ал кийинки жылдары өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык жана социалдык оор сыноолорду баштан кечиргенин белгиледи. “Ушул жылдары биз башка болуп өзгөрдүк. Күчтүү болдук. Оор сыноолордо такшалып, бышып жетилдик”,- деп айтты Мамлекет башчысы.

“Мамлекетибиз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Энергетика тармагы туруктуу болуп калды. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө дагы ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Учурда биз эл аралык трассалар, облустардын, райондордун борборлорундагы транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жаңы автожол салынып жатат. Азыр биз жакшы жолдору бар мамлекеттердин катарына кошулуу максатын ишке ашырып жатабыз”, - деп белгиледи Президент.

Ал ошондой эле тышкы саясат маселелерине да токтолуп, өзүнүн коңшулаш өлкөлөргө болгон визиттери тууралуу айтып берди. " Көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерин чечүү багытында бир топ алгылыктуу аракеттерге жетише алдык. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен чек ара маселелеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, жакынкы күндөрү көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишебиз. Чек араларыбыз араздашуунун эмес, достуктун негизи болууга тийиш”, - деп белгиледи Президент.

Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар коррупцияга каршы күрөшүү, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдой тургандыктарын билдиришти, ошондой эле инфраструктуралык обьектилерди куруу боюнча жасалган иштер үчүн ыраазычылык айтышты. Ошол эле учурда алар Мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, иче турган таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу, туризмди жана спортту өнүктүрүү маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жана Мамлекет башчысынын Баткен облусуна жумушчу сапарында аны коштоп жүрүшкөн министрлер жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий