• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент тоо-кен тармагындагы негизги көйгөйлөрдү айтты

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. "Ала-Арча"мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков КРнын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Күн тартибинде «Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда.

Президент сөз башында тоо-кен жана башка кен өндүрүү тармагындагы маселелерди айтып өттү. Ал тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелер жылына дээрлик 12 млрд. сом экенин жана ал ички дүң продукциянын 8%ын, ал эми энергетика тармак 44%ды түзөрүн белгиледи.

"Бул тармакта 18 миң киши иштейт. Негизинен тышкы булактардан келген инвестициялар алтын кен тармагына жумшалат. Бирок мамлекеттик органдар тарабынан буга тийиштүү көңүл бурулган эмес. Айрыкча лицензия берүү системасында бир катар коррупциялык схемалар байкалат. Экологияны коргоо маселеси көңүл сыртында калууда. Жергиликтүү башкаруу бийлик органдары менен ырааттуу иш алып баруу болбой, ал калктын нааразычылыгын туудурууда. Себеби, эл алардын жеринде ким иштеп жатканын билбейт", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент белгилегендей, инвесторлордун алдында да көйгөйлөр жаралып, таза эмес чиновниктердин айынан алардын ишмердиги туруп калып же аны токтотууга туура келүүдө. Бул калк менен жетиштүү түрдө түшүндүрүү иштери болбогондуктан чыккан ар кыл чагымчыл аракеттерден улам болууда.

"Маселен Кадамжайдагы окуяда калк менен жолугушууга экологияны башкаруу боюнча бир инспектор катышкан. Ал түшүндүрүү иштерин жалгыз жүргүзө албайт. Бул жагынан жакшы компаниялардын иши жана мамилеси да аксап жатат. Таза эмес чиновниктердин айынан жергиликтүү элдин кызыкчылыктары корголбой калууда", - деди Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий