• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент 0


Бишкек, 29.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош шаары жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин, тактап айтканда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктарынын өлкө тарыхындагы олуттуу ролун айтып өттү. Президент Совет мезгилинен бүгүнкү күнгө чейинки маанилүү окуяларды белгилеп, алардын республикадагы туруктуулукту сактоодогу иштерине кеңири токтолду.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратканын бөлүп айтты. Президент буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн белгиледи. Мамлекет башчысы баардык бул маселелерге өлкө жетекчилиги тарабынан комплекстүү көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасы тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келгендигин баса белгиледи. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө объекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат.

Мамлекет башчысы жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген бекем ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчилдик жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Сөз сүйлөгөндөн кийин мамлекет башчысы жаңы объекттердеги кызматтык жайларды карап чыгып, жаңыланган шарттарды көрүп, башкармалыктын аймагын кыдырып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий