• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Жапаровду Түркмөнстанга коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 27.06.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысын төмөнкүлөр коштоп кетти:

- тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

- Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

- транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

- өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

- энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий