• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков менен Лукашенко кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуу бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий