• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШда дарыгерлер кокустан бөйрөктү башка бейтапка салып алган

Дүйнө 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Американын Нью-Джерси штатындагы ооруканалардын биринде дарыгерлер бөйрөктү кокустан башка бейтапка салып алганын Fox News. телеканалы билдирет.

Камден шаарынын медициналык борбордун жетекчилигинин маалыматында, 18-ноябрда 51 жаштагы бейтапка бөйрөктү салуу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Кийинчирээк органды башка бейтапка салынышы керектиги аныкталган. 51 жаштагы адам дагы бөйрөккө муктаж эле, бирок ал тизменин бир топ ылдый жагында турган.

Мындай мүчүлүштүктүн болушу эки бейтаптын жашы бирдей жана ысымдары да окшош болгон.

Оорукананын жетекчилиги кетирген катачылыгын өздөрү аталган штаттын медициналык башкармалыгына билдиришкен. Ал эми экинчи бейтапка да операция жасалган. Ага 24-ноябрда бөйрөк салынган.

Пикир

Оставить комментарий